Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ж.Акаев радио жыштык боюнча иштин ачылышын өзүнө ыйгарып алгысы келет, - Башкы прокуратура

26.05.2020 15:43
995
Ж.Акаев радио жыштык боюнча иштин ачылышын өзүнө ыйгарып алгысы келет, - Башкы прокуратура


Депутат Жанар Акаев парламенттин трибунасында сүйлөп чыгардан үч ай мурун радио жыштыктын колдонулушун өзгөртүү жана лицензиясын кайра түзөтүү тууралуу мыйзамсыз буйрук чыкканы Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


“Радио жыштыктарды кайра түзөтүү жана лицензияны трансформациялоо тууралуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгаруу жана радио жыштыктарды алуудагы мыйзамсыздыкты калыбына келтирүү иштерине депутат Ж.Акаевдин кичине дагы тишеси жок. Эл өкүлү коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдары жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын өзүнө ыйгарып алгысы келип жатат”, - деп айтылат маалыматта.     


Эске салсак, буга чейин депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин трибунасында сөз сүйлөп, Кыргызстандын мамлекеттик байланыш тармагындагы коррупциялык схеманын айынан өлкө бюджетине 5 млрд сом өлчөмүндө чыгым келгенин айтып чыккан эле.    

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн