Аяк оона 12, 2025
Убакыт: 00:48
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.015
1.050

ЖК административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алды

20.06.2024 12:53
541
ЖК административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алды


Жогорку Кеңеш административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун топтомун үч окуудан жактырды.


Каралган мыйзам долбоорлору:

- Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

Бул мыйзамдарды президент Садыр Жапаров демилгелеген. Жыйынга аларды Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү алып чыкты.


Аталган мыйзам долбоорлору сынамык режимде жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан. Ага ылайык, 235 ирилештирилген айыл аймактары түзүлүп, шаарлар айланасындагы айылдардын эсебинен кеңейүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн