Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Премьердин маалымат катчысы жок дегенде кечирим сурайт, - И.Нуракун уулу

02.05.2020 17:21
969
Премьердин маалымат катчысы жок дегенде кечирим сурайт, - И.Нуракун уулу


Кечээ, 1-майда премьер-министрдин маалымат катчысынын билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевди кемсинткен сөздөрдүн кошулуп кетиши өкүнүчтүү, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.


Анын айтымында, "Нарын дарыясындагы крокодил" деген мүнөздөмө эл өкүлү менен өкмөттүн ортосундагы азыркы дискуссияга эч кандай байланышы жок. Нуракун уулунун айтымында, депутат 30-апрелдеги жыйында өкмөттөн өзү даярдаган токтом долбоорундагы айрым бир кемчиликтерге көңүл бурууну талап кылган. Өкмөттү түздөн-түз бекиткен бийлик бутагы катары эл өкүлдөрү ар дайым бул сыяктуу сындарды айтып келген жана мындан кийин да айта бермекчи.


“Жогорку Кеңештин депутатына премьер-министр токтомдо айтылган тармактардын тизмесин тактап беребиз деп жыйын учурунда сылык гана формада жооп берген эле. Бирок эртеси күнү өкмөт башчынын расмий өкүлү тарабынан эл өкүлүн келекелөөгө жол берилгени биз үчүн түшүнүксүз. Бул жагдайга байланыштуу тиешелүү кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат, же кур дегенде кечирим сурайт деп үмүттөнөбүз”, - деп билдирди И.Нуракун уулу.


Белгилей кесек, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев кыргыз өкмөтү Казакстандын мыйзам долбоорун көчүрүп алган деп сын айткан эле. Ага жооп кылып өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев “өндүрүш ишканалары Нарын дарыясындагы мифтик крокодилдер эмес" деген эле.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн