Жетинин айы 28, 2024
Убакыт: 00:24
USD
86.65
87.15
EUR
90.70
91.70
RUB
0.730
0.830

ЖК депутаты кредиттерин төлөй албай жаткандарды "кара тизмеге" киргизбөөнү суранды

18.03.2020 10:26
5171
ЖК депутаты кредиттерин төлөй албай жаткандарды "кара тизмеге" киргизбөөнү суранды


Кыргызстанда коронавирус катталып жаткан кырдаалда кредиттерин төлөй албай жаткан жарандарды "кара тизмеге" киргизбей турууну Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева бүгүн, 18-мартта парламенттик жыйында өкмөттөн суранды.


Анын айтымында, учурда орто жана кичи бизнестер өз ишин токтотуп турууга тапшырма берилген. Ушул абалга байланыштуу кафе-рестарандар, клубдар жана башка чакан бизнестер иштебей жаткандыктан кредиттерин төлөй албай, кыйынчылыкка кептелүүдө.


"Биз тишелүү комитеттин жыйынында Улуттук банктын өкүлдөрүнөн суранганбыз. Бирок бул сунуш четке кагылган. Дагы да суранып кетээрим биздин аймакта да өзгөчө кырдаал жарыялана турган абалга келдик. Көп бизнестер иштебей турган болду. Ошодуктан кредиттерин төлөй албай жаткандарды абал тынчымайын "кара тизмеге" киргизбей туруу жана үй жайларын тарттырып ийүү коркунучунан сактай туруу зарыл", - деди депутат


Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Гульмира
Эн туура айтылган пикир.мен толугу менен кошулам.вирус токтоп ,жашоо бир нукка тушкончо женилдик берип туруу керек.
Айгуль
Ооба ,кырдаал оор болуп турганда ,ого бетер кучотпой. Кардарлардын кобу соода- сатык менен кредиттин акчасын табышчы.