Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖК депутаттары “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

22.02.2024 11:22
300
ЖК депутаттары “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду


Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Документке 64 депутат “макул”, беш депутат – Дастан Бекешев, Чыңгыз Айдарбеков, Сеидбек Атамбаев, Эрулан Көкүлов жана Элвира Сурабалдиева “каршы” добуш берди.


Парламенттин отурумунда айрым депутаттар долбоор кабыл алынса билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганын айтышты.


Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн