Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 19:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

ЖК эмгек министри кызматына Жылдыз Полотованын талапкерлигин колдоду

12.06.2024 11:48
199
ЖК эмгек министри кызматына Жылдыз Полотованын талапкерлигин колдоду


Жогорку Кеңеш Жылдыз Полотованын талапкерлигин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрине колдоп берди.


Жыйындын жүрүшүндө депутаттар бир катар суроолорду берип, сунуштарды айтышты. Анын ичинен Исхак Масалиев прокуратура майыптарга бөлүнгөн каражатты кымырган аткаминерлерди аныктаганы боюнча маалымат чыкканын айтып, бул ишке тиешеси бар-жогун тактады. Полотова бул боюнча тергөө бүткөндө министрлик кеңири маалымат таратарын айтып, өзүнүн тиешеси жок экенин билдирди.


Натыйжада анын талапкерлиги үчүн катталган 83 депутаттын 82 "макул" деп добуш берди.


Эске салсак, буга чейинки минстр Гүлнара Баатырова 7-июнда кызматынан бошотулган. Министрдин милдетин убактылуу аткарып туруу үчүн Жылдыз Полотова дайындалган. 49 жаштагы Полотова буга чейин Баатырованын орун басары болуп иштеп келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн