Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 10:11
USD
87.10
87.60
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.095

ЖК комитети Нурдан Орунтаевди курулуш министри кызматына дайындоого макулдук берди

12.02.2025 16:56
327
ЖК комитети Нурдан Орунтаевди курулуш министри кызматына дайындоого макулдук берди


Бүгүн Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. 


Парламенттен билдиришкендей, талкуунун жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев архитектура жана курулуш жаатындагы мыйзам актыларына көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.


Депутат Винера Раимбачаева аймактарда узак курулуп жаткан объекттердин бүтүшүнө көңүл бурууну суранды. 


Талкуунун жыйынтыгы боюнча комитет Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына дайындоого макулдук берүүнү Жогорку Кеңешке сунуштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн