Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 06:44
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

ЖК комитети президент сунуштаган Министрлер кабинетинин курамын жактырды

12.10.2021 17:52
566
ЖК комитети президент сунуштаган Министрлер кабинетинин курамын жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети президент Садыр Жапаров сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын жактырды.


Ага ылайык, министрлер кабинетинин жаңы курамы төмөнкүчө:


- Министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаров;

- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Азиз Аалиев;

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев;

- Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;

- Финансы министри — Алмаз Бакетаев;

- Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;

- Юстиция министри — Аяз Баетов;

- Транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев;

- Энергетика министри — Доскул Мырзаев;

- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова;

- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Кудайберген Базарбаев;

- Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов;

- Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;

- Билим берүү жана илим министри — Болотбек Купешев;

- Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;

- Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;

- Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн