Парламентте майыптардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жазаны катаалдаткан мыйзам долбоору үчүнчү окуудан кабыл алынды.
Ага ылайык, майыптарды зордуктагандарга, аларды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге түрткөндөргө эркинен ажыратуу каралган. Ошондой эле алар айрым кызматтарга өмүр бою алынбайт. Анын ичинде кылмыш жасоо учурунда 60 жашка толгондордун жоопкерчилиги жеңилдетилбейт.
Кылмыш-жаза кодексинде аялдарга, 18 жашка чыга элегинде кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектерге өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулбай турганы каралган. Бирок жаңы мыйзамда бул норма өзгөртүлүп, педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү белгиленген. Эми ага майыптардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштар кошулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн