Аяк оона 11, 2025
Убакыт: 16:48
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.015
1.050

ЖК төрагасы: Айыл өкмөт башчыларын ротациялоо боюнча мыйзам өзүн актаган жок

11.09.2025 12:43
25
ЖК төрагасы: Айыл өкмөт башчыларын ротациялоо боюнча мыйзам өзүн актаган жок


Айыл өкмөт башчыларын ротациялоо боюнча мыйзам өзүн актаган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.


Анын айтымында, мыйзам кабыл алынып, ага ылайык жаран өз туулган айылында айыл өкмөт башчысы болуп шайлана албайт.


«Бул мыйзамдын демилгечиси министрлер кабинети болгон. Бирок тилекке каршы, бул мыйзам таптакыр аткарылбай жатат. Урматтуу губернаторлор, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ротациянын өзү акталды. Бирок айыл өкмөт башчылары өзүн актаган жок. Аймактарда бир нече айыл өкмөтү бар, бирок башчылары жок. Башка айылдан келген адамдар иштегиси келбейт. Ишке кирип, араң 4-5 ай иштеп кетип жатышат. 


Бул маселени мен президент менен да талкууладым. Министрлер кабинетине бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү тапшырмасы берилди. Кечээ жергиликтүү кеңештин депутаттарын кабыл алдым, алар да айыл өкмөт башчылары жок экенин айтышты. Ар бир киши өзүнүн туулган айылын өнүктүрүүгө күйөт. Эгерде бул практика өзүн актабаса, анда катаны оңдошубуз керек», – деди Нурлан Тургунбек уулу.


Мындан тышкары, ал райондук маданият башкармалыктары тууралуу да оюн билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн