Чын курандын 25, 2025
Убакыт: 19:38
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

ЖК төрагасы ЕККУ ПАнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлүн кабыл алды

25.04.2025 13:23
28
ЖК төрагасы ЕККУ ПАнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлүн кабыл алды


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Фара Каримини кабыл алды.


Жолугушууга Казакстандын парламентинин Сенатынын депутаты Айнур Аргынбекова да катышты.


Баарлашуу маалында Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин кызматташтыгын арттыруу маселелери талкууланып, анын ичинен Жогорку Кеңеш менен ЕККУ ПАнын ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүү тууралуу сөз болду.


Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кыргыз парламенти ЕККУ ПАнын алкагындагы бардык иш-чараларга активдүү катышууга кызыкдар экендигин айтып, парламенттер аралык байланыш мамлекеттердин тыгыз кызматташтыгын камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ экенине токтолду.


"Андыктан калыптанган байланыштарды мындан ары да өнүктүрүп, ЕККУ ПАнын алкагындагы кызматташтыкты жигердүү улантуубуз кажет. Бүгүнкүдөй жолугушуулар жана иш сапарлар алакаларды тереңдетүүгө көмөкчү болуп, актуалдуу маселелерди ачык талкуулоого өбөлгө түзөрү анык", – деди Нурланбек Тургунбек уулу. 


Ошону менен катар тараптар адам укугу жана сөз эркиндиги тууралуу да ой бөлүштү.


Тагыраагы төрага Кыргызстан аталган маселелерге астейдил көңүл бурарын белгилеп: "Элибизде "Баш кесмек бар, бирок тил кесмек жок" – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, бизде ар ким өз оюн ачык айтууга укуктуу. Бирок сөз эркиндиги менен катар айтылган пикирге карата жоопкерчилик да бар экенин унутпашыбыз керек", – деди. 


Мындан тышкары, мамлекеттик чек араларды тактоого байланышкан учурдагы иш-аракеттер жөнүндө да сөз болуп, Борбор Азия боюнча атайын өкүл Фара Карими кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечилишин ЕККУ Парламенттик ассамблеясы толук кубаттай тургандыгын билдирди. 


Муну менен катар Фара Карими Парламенттик ассамблея Кыргызстан менен кызматташууга артыкчылык берерин айтып, атайын өкүл катары айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске аларын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн