Аяк оона 03, 2025
Убакыт: 15:18
USD
87.20
87.70
EUR
101.10
102.10
RUB
1.078
1.105

ЖК төрагасы акимдер менен мэрлердин ишин сынга алды

03.09.2025 12:00
13
ЖК төрагасы акимдер менен мэрлердин ишин сынга алды


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бардык райондордун акимдерин жана мэрлерин жасаган ишин пиар кылып, ар бир кадамын видеого тарттырууну токтотууга чакырды.


"Бүгүнкү күндө бардык мэрлер, райондун акимдери, облус башчылары баскан-турганын, эмне кылганын видеого тартып башташты. Блогерлерди жалдап, таштарды алып, таштандыларды кантип тазалап жаткан ар бир кадамын видеого тартып жатканын көргөзүп жатышат. Клоундарга айланып калышты. 


Оштун мэрин баары туурап жатышат. Бул анын стили, өзүнө жарашат, бирок башкалар аны туурагандын кереги жок. Шаарды тазалоо,иретке келтирүү алардын жумушу жана милдети. Унчукпай өз ишин аткарсын, муну эл баалайт. Баары эле блогер болуп, өз ишин пиар кылуунун кереги жок», - деди төрага.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн