Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты министрлер кабинети тастыктады.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Исраилов 2019-жылдын март айында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн