Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖККУга төрагалык кылган Армения Казакстанга куралдуу күчтөрүн жөнөтүү чечимин кабыл алды

06.01.2022 06:21
839
ЖККУга төрагалык кылган Армения Казакстанга куралдуу күчтөрүн жөнөтүү чечимин кабыл алды

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда жарыялады.


Ал мындай чечим "Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна, Казакстандын улуттук коопсуздугу менен суверендүүлүгүнө туулуп жаткан коркунучка жана сырттан кийлигишүүлөргө" байланыштуу кабыл алынганын билдирди.


"Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин 4-беренесине ылайык, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу максатында ЖККУнун жамааттык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды", - деп жазды Пашинян.


Бирок Пашинян бейпилдик күчтөрү так канча убакытка, качан Казакстанга жөнөтүлөрүн тактаган жок. ЖККУнун Кыргызстан сыяктуу башка мүчөлөрү азырынча расмий маалымат бере элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн