Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 09:22
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

ЖКда жарнама жана саламаттык сактоо маселелерине байланышкан мыйзам долбоорлору кабыл алынды

17.10.2024 17:54
39
ЖКда жарнама жана саламаттык сактоо маселелерине байланышкан мыйзам долбоорлору кабыл алынды


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Гүлшаркан Култаева жана Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген "Жарнама жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорун Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Аида Исатбек кызы тааныштырды. Анын айтымынды, өзгөртүүлөр жарнаманын айрым түрлөрүн жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

"Учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок, курс, тренинг жана консультация сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөн адамдардын санынын өсүү тенденциясы байкалууда. Натыйжада, психологиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногу көп сандагы компетентсиз адистерге толуп баратат", - деди.

Баяндамачы кошумчалагандай, мындай кызматтарды көрсөткөн адамдар көбүнчө социалдык тармактарда өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө жарнаманы таркатышат.

"Ал жактан көбүнчө өспүрүмдөр жана жаштар, алардан квалификациясы тууралуу документтерди талап кылбастан, квалификациясы жок адистерге кайрылышат. Квалификациясыз психологдордун кызматына кайрылган адамдын психологиялык жана психикалык ден соолугуна зыян келтирүү түрүндөгү кайтарылгыс кесепеттердин алдын алуу үчүн «Жарнама жөнүндө» мыйзамды толуктоо сунушталат", - деди.

Ошондой эле «Жарнама жөнүндө» мыйзамды оюндардын жана өз ара мелдештердин тобокелдигине негизделген жарнаманын өзгөчөлүктөрүн аныктаган жаңы берене менен толуктоо сунушталууда.

Андан тышкары, жыйында "Саламаттык сактоо маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исатбек кызы, Гүлшаркан Култаева, Камила Талиева, Марлен Маматалиев, Надира Нарматова, Гуля Кожокулова, Алишер Эрбаев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири, депутат Аида Исатбек кызы белгилегендей, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын оптималдаштыруу, өркүндөтүү жана медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн көрсөтүүдө колдонуудагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти киргизүү максатында иштелип чыккан. Мында лицензиясы бар жана лицензиясы жок медицина чөйрөсүндө мыйзамсыз иш жүргүзгөндүгү үчүн айыптардын суммасы бейтаптардын ден соолугуна келтирилген зыян менен теңдеш эмес. Ушуга байланыштуу, ушул мыйзам долбоору менен саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылуу максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.

Ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоону жакшыртуу жана адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилген учурларда лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтото туруу критерийлерин киргизүү жолу менен лицензиаттын жоопкерчилигин жогорулатуу. Аны менен катар мыйзамдарды бузгандарга карата айып пулдарды жогорулатуу жагы каралган.

Талкуу маалында депутат Алтынбек Кылычбаев дары-дармектердин баасын жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп, мисал катары Россияда айрым дары-дармектердин баасы 6 эсе арзан экенин жүйө келтирди.

Ал эми депутат Айсулуу Мамашова "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу тууралуу маселени көтөрүп, көптөгөн ооруканаларда базалык дары-дармектер жок экенин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн