Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:40
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

ЖМК: ФЕТОнун лидери Фетхуллах Гюлен каза болду

21.10.2024 13:31
59
ЖМК: ФЕТОнун лидери Фетхуллах Гюлен каза болду


Түркияда 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштү жасоону уюштурууга күнөөлөнгөн үгүттөөчү, ФЕТОнун лидери Фетхуллах Гюлен каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Hürriyet гезитине таянуу менен жазды.

Маалыматта айтылгандай, АКШнын Пенсильвания штатында жашаган уюмдун 83 жаштагы лидери ооруканада көз жумган.

Түркиянын бийлиги Гюлендин FETО (фетхуллахисттердин террористтик уюму) деп аталган уюмун 2016-жылдын июлундагы төңкөрүш кылуу аракетине тиешеси бар деп айыптап келет.

Козголоңдон кийин Түркияда 80 миңден ашык адам кармалып, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер, анын ичинде аскер кызматкерлери жумушунан бошотулган.

Ал эми АКШдагы Гюлен төңкөрүш кылуу аракеттерди сынга алып, өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн