Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

ЖОЖдор маданият, искусство, дене тарбия жана дизайн адистиктери боюнча экзаменди салттуу режимде өткөрөт

27.07.2020 11:15
969
ЖОЖдор маданият, искусство, дене тарбия жана дизайн адистиктери боюнча экзаменди салттуу режимде өткөрөт

 

Пандемия мезгилинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги бул жараянды ишке ашырчу "Абитуриент Online" (https://2020.edu.gov.kg/)  автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыккан.


Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, онлайн кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тигил же бул окуу жайда билим ала турганын тастыкташы үчүн тиешелүү документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт. Документтердин түп нускаларын жогорку окуу жайга окуу жылдын башында гана берүү керек.

 

ЖОЖдор кошумча сынактарды талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн адистиктери) боюнча гана кирүү экзамендерди салттуу режимде өткөрүшөт.


Россия жана Түркиянын мамлекеттеринин эсебинен бөлүнгөн гранттык орундарга "Манас" жана Кыргыз-Россия Славян университети абитуриенттерди кабыл алат. Кабыл алуу жараянын аталган окуу жайлар аныктайт.


Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, менчигинин түрүнө карабай, кошумча сынактарды өткөнгөн окуу жайлар тиешелүү санитардык-гигиеналык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо чараларын милдеттүү түрдө камсыздоого милдеттүү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин талаптарын аткарууга тийиш, деп кошумчаланат маалыматта.

Тема  боюнча: ЖОЖго кабыл алуунун биринчи турунда 30 миңден ашуун абитуриент талон салды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн