Бирдин айы 06, 2025
Убакыт: 15:29
USD
87.30
87.80
EUR
90.60
91.60
RUB
0.890
0.920

ЖОЖдорду артыкчылык диплому менен бүтүргөндөр кадрдык резервге сынаксыз кире алышат

06.02.2025 12:18
21
ЖОЖдорду артыкчылык диплому менен бүтүргөндөр кадрдык резервге сынаксыз кире алышат


Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев жогорку окуу жайларды артыкчылык диплому менен бүтүргөндөрдү мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрдык резервине сынаксыз киргизүүнү сунуштады.


Анын айтымында, “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жана “Эл үмүтү” стипендианттарына гана жеңилдиктер берилсе, мамлекеттик кызматтагы кадр маселеси чечилбейт.


Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова мыйзам долбоорунун экинчи окуусунда буга чейин ЖОЖдорду артыкчылык диплому менен аяктаган өзгөчө статусу бар бүтүрүүчүлөр кадрдык резервге сынаксыз кирүүгө укуктуу деген норма киргизилгендигин билдирди.


Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, өлкөдөгү 11 жогорку окуу жайдын өзгөчө статусу бар.


Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү президент тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулоодо. Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын алкагында чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда билим алган бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрдык резервине конкурстан тышкары кабыл алууну сунуштайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн