Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

02.12.2022 15:29
311
ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.


Министрлер кабинетинин 30-ноябрдагы №665 токтомуна ылайык, абитуриенттерди университеттерге кабыл алуу тартибине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:


- Абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 25-августка чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 10-февралга чейин жүргүзүлөт.


- Чет өлкөлүк абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 15-октябрга чейин жүргүзүлөт.


- Жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөттөрү Кыргызстанда же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5-декабрга чейин узартылышы мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн