Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖОЖдорго кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгы боюнча дээрлик 13 миң абитуриент кабыл алынган

27.07.2023 10:04
283
ЖОЖдорго кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгы боюнча дээрлик 13 миң абитуриент кабыл алынган


ЖОЖдорго кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгы боюнча 12 902 абитуриент кабыл алынган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалымат боюнча, биринчи турда 26 миң 546 арыз түшкөн. Эске салсак, абитуриент эки арыз бере алат: бири бюджеттик жана контракттык окуу формасына бир ЖОЖго да, башкага да.


Абитуриенттердин басымдуу бөлүгү Кыргыз улуттук университетинде (2 миң 115), ОшМУда (1 миң 864), Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (1 миң 563).


Жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу төрт турда жүргүзүлөт. Экинчи туру аяктады. Системада 11 миң 598 арыз катталган: 3 миң 886 – бюджеттик негизде, 7 миң 598 – контракттык негизде.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн