Бишкекте белгисиз себептерден улам жаш жигит каза болгонун 19-августта Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык тармактарда жол боюнда баш аламан чуркап бараткан жигит тартылган видео тараган.
9-август күнү саат 22:40 чамасында милицияга Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан Ж.Баласагын атындагы КУУнун корпусунун 3-кабатынын терезесинен секирүү аркет кылган жаш жигит тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жигит менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан, бирок ал аларды укпай койгон. Жаш жигит көчөгө чыгып, ары-бери чуркап жүрүп, өзүн жаман сезип, белгисиз себептерден улам каза болгон.
Бул факты укук коргоо органдары тарабынан катталып, анын алкагында тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында экспертизалар дайындалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн