Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев бошотулду. Бул боюнча видео социалдык тармактарда жарыяланды.
Ниязов менен Сагынбаев Кой-Таш окуясы боюнча иште айыпталуучу болушат.
Буга чейин камактан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчы Садыр Жапаров жана башка саясатчылар бошотулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн