Бүгүн, 4-апрелге карата коронавирус илдетин жуктургандар катталган жок. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада бир дагы жаңы учур жана өлүм катталган эмес.
Бул көрсөткүч Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери алгачкы жолу катталууда.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 200 миңден ашык адам коронавирусту жуктуруп алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн