Жакында Кыргызстанда робот-хирургдар операция жасай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын травматологдор жана ортопеддер ассоциациясынын президенти, академик, ортопед Сабырбек Жумабеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Дарыгердин айтымында, ал жакында эле Кытайга барып, робот-хирургдардын иштегенине күбө болуп келген.
"Кытай медицинасы дүйнөдө алдыңкы орунга чыкты десем жаңылбайм. Ортопедия, травматология тармагында жетишкен ийгиликтери өтө чоң. Көргөзмөдө жаңы технологияларды үч күн кыдырсаң да жетише албайсың.
100 миңден ашык ортопед-травматологдору бар, медицинасы күндөн-күнгө өнүгүүдө. Робот-хирургдарды чыгарган 9 заводу бар экен.
Бул барышта биз робот-хирургдардын иштегенине күбө болдук. Өз көзүбүз менен көрүп, операцияга бирге катышып, плюс-минустарын көрүп, баамдап келдик. Албетте, адамдык фактор биринчи орунда кала берет дечи, бирок робот-хирургдардын операцияга катышуусу бүгүнкү күндүн талабы.
Кудайым буйруса, жакын арада Кыргызстанда биз менен бирге биринчи робот-хирургтар өз иштерин баштайт",-деп жазган ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн