Күн мурун Кыргызстандын Европа биримдигиндеги элчиси Айдит Эркин Европа парламентинин Борбор Азия менен байланыштар боюнча делегациясынын даярдык жыйынына катышты.
Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, иш-чара жакында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Европа парламентинин ортосунда кызматташуу боюнча 17-жыйынынын алдында уюштурулган.
Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун негизги аспектилери, парламенттик өз ара аракеттенүүнүн келечеги жана Борбор Азия менен Европа биримдигинин ортосундагы алдыдагы иш-чаралар талкууланды.
Элчи Айдит Эркин Кыргызстан Европа биримдиги менен маекке чоң маани берерин баса белгилеп, бул өнөктөштүк демократиялык реформаларды илгерилетүүдө, экономикалык өсүштү жана социалдык туруктуулукту камсыздоодо маанилүү роль ойной турганын айтты.
Ошондой эле элчи Кыргызстандын жана Европа биримдигинин парламенттеринин ортосундагы конструктивдүү өз ара аракеттенүү өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча натыйжалуу чечимдерди табууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Айдит Эркин алдыда боло турган кызматташтык боюнча 17-жыйын Кыргызстан менен Европа биримдигинин өнөктөштүгүн тереңдетүү багытында кезектеги кадам болуп, экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, билим берүү жана экологиялык демилгелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө шарт түзөрүнө ишенимин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн