Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жактоочу: Эмне үчүн Сыймык Жапыкеев 1 млн доллар сунуштаган адамды кармаган жок?

14.01.2021 13:43
1207
Жактоочу: Эмне үчүн Сыймык Жапыкеев 1 млн доллар сунуштаган адамды кармаган жок?

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу  Бактыбек Жумашев Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин  айткандары чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзү кайрылуу жасаганын "Кабарлар" сайты маалымдады.


"Биринчиден Жумалиев эч качан Сыймык Жапыкеевге бир миллион доллар сунуштаган эмес. Бул толугу менен жалган. Өзү юрист болсо, Финполдун төрагасы болсо ошол сунуштаган адамдарды дароо кармабайбы? Экинчиден, Жапыкеев Жумалиев камалат деди. Бул таптакыр анын иши эмес жана сотто далилденмейинче эч ким бир адамды камай албайт. Бул сөздөр менен Жумалиевдин сотко чейинки ишине кийлигишип жатканын далилдеди. Мыйзамсыз баюу боюнча азыр бир да мүлк далилденген жок" ,- деди жактоочу.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн