Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору иштеп жатат. Бул тууралуу 8-майдагы брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.
Анын айтымында бейтапканага келген бейтаптарды кабыл алууда санитардык-карантиндик эрежелер толугу менен сакталууда.
"Өзгөчө абал кирген күндөн тарта Жал районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору күнү-түнү иштеп жатат. Илдет башталгандан бери чектөөлөр киргизилип күнүнө 120-150 жаш бала, 15-20 кош бойлуу айымдар текшерилип жатат”, - деди Исмаилова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн