Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:39
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Жалал-Абад мэриясынын беш кызматкеринен COVID-19 аныкталып, карантинге жабылды

22.06.2020 15:28
1406
Жалал-Абад мэриясынын беш кызматкеринен COVID-19 аныкталып, карантинге жабылды


Жалал-Абад шаардык мэриясынын беш кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдиргенин маалымат сайттары жазышты.

Анын айтымында, алар вируска 19-июнда анализ тапшырышкан. Муну менен бирге ал илдетти жуктуруп алгандардын аттарын, ошондой эле кызматтарын атоодон баш тартты.

Мындан сырткары, басма сөз кызматынын башчысы вице-мэрлер менен башка жооптуу кызматкерлер баш болуп, мэрияда иштегендердин 50 пайызы үй карантинине жиберилгенин кошумчалады. Алар эми онлайн-форматында иштешет.

Эске салсак, өткөн жума күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Ошол эле күнү муниципалитеттин өкүлдөрү COVID-19га тест тапшырышкан.

Жээнбековдун айтымында, Тагаевдин абалы туруктуу, оорунун белгилери жок.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн