Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абад облусу боюнча жолдорго асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

16.06.2023 15:23
989
Жалал-Абад облусу боюнча жолдорго асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө


Жалал-Абад облусунун аймагында жолдорго асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, облустун аймагында төмөнкү жолдорго асфальт төшөлүүдө:

- Сузак районунун Бекабад - Жийде - Муңдуз унаа жолуна 5 км асфальт төшөлүп, аяктады.

- Сузак районунун Сузак - Арал - Жийде унаа жолуна 1 км асфальт төшөлдү.

- Сузак районунун Сузак - Каду унаа жолуна асфальт төшөлүп жатат. План боюнча 5 км төшөлөт. Бүгүнкү күндө 1,4 км төшөлүп бүттү.

- Ноокен районунун Нефтепром - Үч-Мазар - Дош унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. План боюнча 4 км төшөлөт. Бүгүнкү күндө 1,6 км аяктады.

- Ноокен районунун Ленинжол - Казар-Мазар - Сере унаа жолуна 0,5 км асфальт төшөлдү. План боюнча 4 км төшөлөт.

- Аксы районунун Кербен - Үч-Коргон-ГЭС унаа жолуна асфальт төшөлүп жатат. План боюнча 7 км. Бүгүнкү күндө 1,4 км төшөлүп бүттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн