Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абад облусунда төрт жыл мурда кылмышка шектелген жаран кармалды

05.07.2022 17:09
524
Жалал-Абад облусунда төрт жыл мурда кылмышка шектелген жаран кармалды


Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда төрт жыл мурун тоноого шектелген “положенец” макамына ээ жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2018-жылдын күзүндө коркутуу жолу менен акча талап кылып, аны ала албай калганда күч колдонуп, “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү унаасын тартып алган чала тааныш Н.га карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Тоноо”) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жана “положенец” макамына ээ Ала-Бука районунун 32 жаштагы А.Н., аттуу тургуну кармалган.

Учурда кармалган жаран Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн