Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:58
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жалал-Абад шаарында жаңы асфальт-бетон чыгаруучу завод курулууда

11.08.2023 13:53
486
Жалал-Абад шаарында жаңы асфальт-бетон чыгаруучу завод курулууда


Жалал-Абад шаарына 1,5 гектар жер аянтына жаңы асфальт-бетон чыгаруучу завод курулуп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган завод курулуп бүтсө саатына 80 тонна асфальт-бетон чыгарылат.

Учурда заводдун орду даярдалып, жабдыктары алынып келинди. Адистердин белгилөөсүндө жакынкы күндөрү заводду куруу жумуштары жүргүзүлүп, ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизилет. Асфальт-бетон заводунун жанына атайын таш талкалоочу (драбилка) жабдык да орнотулат.

Завод республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда. Ага 53 млн 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал ишке кирсе 20дай адам жумуш менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгынын асфальт-бетон заводунун эскилиги жетип, жолдорго асфальт төшөө, тротуар куруу жана жамап-жасоо иштеринде бир топ түйшүк жаралып келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн