Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 09:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жалал-Абад шаарындагы "Телтору" ат майданынын ордуна заманбап базар курулат

27.03.2024 09:56
535
Жалал-Абад шаарындагы "Телтору" ат майданынын ордуна заманбап базар курулат


Жалал-Абад шаарында 22 гектар жерди ээлеген "Телтору" ат майданы базарга айландырылып, калаадагы бардык базарлар ошол жакка көчүрүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Жаңы соода жайы заманбап шарттары менен курулары белгиленди.


"Мындай кадам шаардагы унаа тыгындарын алдын алуу, башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максатын көздөйт. Ал эми буга чейин ачылган чакан муниципалдык базар кытайлык инвесторлор менен биргеликте электромобиль чыгаруучу завод болот. Мындагы соодагерлерге да жаңы базардан соода күркөлөрү берилет", — деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, "Телтору" ат майданы башка аймакка көчүрүлүп, жаңысы салынат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн