Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирустан айыгып жумушка чыкты. Бул тууралуу муниципалдык мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
“Дарыгерлердин такай көзөмөлүнөн соң калаа башчысы коронавирус илдетинен айыгып, ишин улантып баштады. Шаардагы бардык иштер, илдет менен күрөшүүнү өзү көзөмөлдөп жатат”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден COVID-19 инфекциясы 17-июнда аныкталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн