10-январда өтө турган президенттик жана мамлекеттин башкаруу формасын тандоо боюнча шайлоо алкагында коомдук коопсуздукту сактоо үчүн Талас облусунун жана Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Аталган аймактардын милиция кызматкерлеринин басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абадда милицияга 350дөн ашуун башка күч түзүмдөрдүн кызматкерлери, 300дөй ИИОнун ардагерлери жана 2000ден ашуун элдик кошуун көмөктөшөт.
Ал эми Таласта 500 милиция кызматкери шайлоо коопсуздугуна байкоо жүргүзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн