Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда 6 жаштагы бала тир мылтыгы менен ойноп жатып 5 жаштагы бөбөгүн атып алган

Жалал-Абадда 6 жаштагы бала тир мылтыгы менен ойноп жатып 5 жаштагы бөбөгүн атып алган


Жалал-Абадда 6 жаштагы бала тир мылтыгы менен ойноп жатып байкабастан 5 жаштагы бөбөгүн ичине атып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, окуя 17-январда болгон.


"Саат 16:52 чамасында Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагында 6 жаштагы бала үйдө тир мылтыгы менен ойноп жатып байкабастан 5 жаштагы Ф.А. аттуу карындашын ичке атып алган. Натыйжада ал Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган", — деп жазылат маалыматта.


Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов Sputnik Кыргызстан агенттигине жабыркаган кызга операция жасалганын айтты.


"Кызды ооруканага атасы алып барган. Азыр анын абалы орточо оор", — деген Байдавлетов.


Учурда териштирүү иштери уланып жатканы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн