Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 04:44:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жалал-Абадда 633 млн сомдон ашык суммага бааланган “гашиш" баңгизаты аныкталып алынды

08.08.2023 15:47
390
Жалал-Абадда 633 млн сомдон ашык суммага бааланган “гашиш" баңгизаты аныкталып алынды


Жалал-Абад облусунун аймагында афган тектүү баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу менен алектенген баңги топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус аймагында баңгизаттарды таратуу жөнүндө маалымат боюнча узак убакыт иштеп чыгуунун жыйынтыгында, айрым адамдар узак убакыт бою баңгизаттарды сатуу менен алектенишери аныкталган.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда болжол менен саат 20:40та Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман талаасында баңгизат сатуу аракетинде үч адам кармалган: 1991-ж.т. А. уулу Э., 1981-ж.т. Т.К.А. жана 1981-ж.т. Н.И.Ж.. Алар "ВАЗ-2107" жана "ВАЗ-2106" үлгүлөрүндөгү эки жеңил унаа менен келишип, алардын ичинен афган тектүү "гашиш" (чарс) баңгизаты бар полимердик пакет алынган, анын таңгагы менен салмагы 1 кг 29 гр түзгөн.

Шектүү катары кармалган үч жаран Аксы райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Кармалган “гашиш" баңги каражаттары мыйзамсыз базарга түшкөн учурда, кармалгандар 633 миллион 864 миң сом пайда көрүүнү көздөшкөн", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн