Бугу 11, 2024
Убакыт: 22:54
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жалал-Абадда 900 чарчы метр жер мэрияга кайтарылды

20.04.2022 14:35
687
Жалал-Абадда 900 чарчы метр жер мэрияга кайтарылды

Жалал-Абад шаарында 900 чарчы метр жер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичирайонундагы “Нооруз” сейил багынын жанынан 2003-жылы Акжол Бегалиев аттуу жаранга 86 сотых жер аянты 49 жылдык мөөнөт менен скважина куруу жана сууда сүзүү үчүн бассейн курууга ижарага берилген. Тилекке каршы аталган жаран 86 сотых жерге дагы 9 сотых муниципалдык жер аянтын кошуп алып, пайдаланып келген.


Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Элдос Таев аталган жай тийиштүү мекеме-ишканалардын иш-аракетинин арты менен аныкталып, жерди тосмолор менен тосуу иши жүрүп жатканын билдирди.


Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен калаадагы мыйзамсыз берилип кеткен жана басып алынган жерлерди тактоо, кайрадан муниципалдык менчикке кайтаруу иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн