Тогуздун айы 23, 2024
Убакыт: 14:29
USD
85.35
85.85
EUR
91.80
92.80
RUB
0.880
0.915

Жалал-Абадда баңги лабораториясы аныкталып, шектүү кармалды

23.10.2024 12:06
27
Жалал-Абадда баңги лабораториясы аныкталып, шектүү кармалды


Жалал-Абадда баңги лабораториясынын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында “А” аттуу жаран ири ѳлчѳмдѳ баңгизатын сактап жана сатып жүргѳндүгү тууралуу маалымат келип түшкѳн.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБде катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ Жалал-Абад шаарынын аймагында ири ѳлчѳмдѳ баңгизатын жасоо, сатуу менен алектенген “А” аттуу жарандын ѳздүгүн жана анын кылмыш тобунун ар бир мүчѳсүн аныктап, алардын кылмыш аракетине бѳгѳт коюу максатында бир нече атайын тергѳѳ амалдары жүргүзүлгөн. Натыйжада “А” аттуу жарандын ѳздүгү Жалал-Абад шаарынын тургуну чет мамлекеттин жараны 1995-жылы туулган Ю.Ф.М. экендиги такталып, ошондой эле ал ѳзү жашаган даректе аптекалык дары-дармектердин аралашмасы менен баңгизаттын психоактивдүү түрлѳрүн жасоо үчүн атайын лаборатория жана кылмыштуу топ уюштургандыгы тууралуу маалымат алынган.

2024-жылдын 14-октябрь күнү кызматтык иттин жардамында Ф.Ю. жарандын үйүндө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, ѳз ыктыяры менен 3 литрдик банкага салынган кескин жыты бар баңгизатын тапшырып берди.

Андан сырткары тинтүү жүргүзүү учурунда Ю.Ф. үйүнүн сарайынан 5 даана пакетке салынган 3-4 кг болгон марихуана баңгизаты жана 100 миллиграмдык 33 даана медициналык этил спиртинин бош бѳтѳлкѳлѳрү, ар кандай майда кѳлѳмдѳгү белгисиз суюктуктар, 1 литр кѳлѳмдѳгү желим бѳтѳлкѳгѳ куюлган спирт жыттанган суюктуктар, сода, электр плита, ичинде баңгизат калдыктары менен ар кандай кѳлѳмдѳгү темир идиштер, сито, баңгизат калдыктары менен 3 кайчы, 3 бычак, баңгизат колдонуу үчүн даярдалган атайын идиштер жана ошондой эле баңгизат жасоо үчүн колдонулган ар кандай майда буюмдар алынды.

Ыкчам иликтѳѳ иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын аймагында акыл эске терс таасир этүүчү баңгизат жасоо, ташуу, сатуу менен алектенген Ю.Ф. уюштурган мыйзамсыз лабораториянын жана кылмыштуу топтун аракетине бѳгѳт коюлду.

Азыркы учурда Ф.Ю.нун үйүнѳн алынган заттар жана буюмдар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн