Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:11
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Жалал-Абадда бир жаштагы наристе калем саптын капкагын жутуп алып, чарчап калды

18.05.2022 10:13
762
Жалал-Абадда бир жаштагы наристе калем саптын капкагын жутуп алып, чарчап калды

Жалал-Абадда калемдин капкагын жутуп алган бир жаштагы наристе чарчап калды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 17-майда болжол менен 20:00дөр чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаш балдар бөлүмүнөн “102” кызматына маалымат келип түшкөн.


Маалыматта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында бир жаштагы наристе үйүндө ручканын капкагын кокустан жутуп алып, аба жетпей, чарчап калгандыгын айтылат.


Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына “Кокустук” болуп катталып, текшерүү иштери башталган.


Наристенин атасы арыз жазуудан жана сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн