Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда чакан ГЭС куруучу компанияга 49 жылга ижарага жер аянты берилди

23.06.2022 16:33
802
Жалал-Абадда чакан ГЭС куруучу компанияга 49 жылга ижарага жер аянты берилди


Жалал-Абад шаарына караштуу Тоо-Кызыл-Суу айылына чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Энерджи” компанияснын өкүлдөрүн кабыл алып, шаарга караган Тоо-Кызыл-Суу айылындагы Ничке-Сайга курула турган чакан ГЭСтин долбоору менен таанышты.

Чакан ГЭСти куруу үчүн аталган компанияга жергиликтүү бийлик тарабынан 1,5 гектар жер аянты 49 жылга ижарага берилди.


Мэриядан белгилешкендей, келишимге ылайык аталган компания ГЭСти 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүшү керек. Курулуш аягына чыккандан тартып компания жергиликтүү бюджетке ай сайын 11 миң 200 сомдон ижара акы жана жыл сайын социалдык пакет катары 800 миң сом акча каражатын төлөйт. Мындан сырткары, жергиликтүү жашоочулардын ГЭСте иштөөсүн камсыз кылат.

Ничке-Сайга курулуучу чакан ГЭСтен жылына 10 млн киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөт. Ал жерде 10дой адам туруктуу жумуш менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, “Энерджи” компаниясы Кыргызстанда 17 чакан ГЭС курууга ниеттенүүдө. Алардын 4ү Жалал-Абад облусунун аймагына курулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн