Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери күн ысыган мезгилдерде сууга чөгүүлөрдү болтурбоо максатында эл аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул
тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, Базар-Коргон, Бешик-Жон жана Кеңеш айыл аймактарын аралап
өткөн канал жана чоң арыктарга жакын жашаган жашоочулар менен жолугушуулар
уюштурулуп, бир катар эскертме баракчалары таркатылган.
Ошондой эле, Акман айыл аймагындагы суу сактагычтын айланасына балык улоого, эс алууга келген адамдардын жана алар менен кошо келген жаш өспүрүмдөрдүн көлгө сууга түшүүсүнө жол бербөө максатында атайын эскертме табличкалар орнотулган.
Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында үч бала сууга агып кеткени айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн