Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 01:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жалал-Абадда милициянын эки ардагери сыйланды

18.09.2020 13:27
1265
Жалал-Абадда милициянын эки ардагери сыйланды


Ички иштер органдарында бир топ жыл эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан милициянын отставкадагы майору Мудров Александр Александрович 70 жашка толду. 


Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, аны өздүк майрамы менен Таш-Көмүр ШИИБдин башчысы, милициянын подполковниги Азенбек Козукеев, Жалал-Абад ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков, Таш-Көмүр шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ибрагим Орозбаев баштаган бир топ жаш кызматкерлер куттукташты. 


Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну Александр Мудровго майрамдык саамалыкка баргандар тарабынан ИИМдин юбилейлик “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалы тапшырылды. 


Алар ардагерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалашып, уул-кыздардын, неберелердин сыйын көрүп, жаштарга татыктуу тарбия берүүдө үлгү көрсөтүүгө чакырышты.


70 жашка толсо да кайратынан жазбай, жаш кызматкерлерге жол көрсөтүп, акыл-насаатын айтып келе жаткан Александр Мудров келген жамаатка ыраазычылык билдирди. Ардагер ар дайым милиция кызматкерлери менен кызматташууга жана керектүү учурларда аларды колдоого даяр экендигин айтып өттү. 


Мындан сырткары 60 жашка толгон ички иштер органдарынын ардагери Эсенбек Молдобаевге Жалал-Абад ОИИБдин куттуктоо баракчасы тапшырылды. Ошондой эле Ноокен районунда жашаган ардагерлердин жубайлары Лилия Бакиева жана Бактыкан Сыдыковага “Офицердин жубайы” медалдары ыйгарылды.


Милициянын отставкадагы майору Мудров Александр Александрович 1950-жылы 14-сентябрда туулган. Эң алгачкы жумушун 21 жашында убактылуу кармоочу жайда милициянын ага сержанты чининен баштаган. Андан кийин жогорку билим алуу максатында Казакстандын Караганды шаарындагы милициянын атайын жогорку мектебин аяктаган. 


1975-жылы кылмыш иликтөө бөлүмүнө өтүп, ага алгачкы офицердик милициянын лейтенанты чини ыйгарылган. Ошентип 1980-жылдарга чейин кылмыш иликтөө багытында эмгектенген.


1980-жылдын декабрь айынан тартып, Ош ОИИБдин штабынын жетекчиси болуп дайындалган. 1982-1995-жылдары Кызыл-Кыя ШИИБде, Шамалды-Сай, Кочкор-Ата аймактык милиция бөлүмдөрүндө начальник кызматтарында эмгектенген. ИИОдо 28 жыл кызмат өтөп, 1999-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 


Милициянын отставкадагы майору Александр Мудров өзүнүн ИИОдогу ишмердүүлүгүндө, ошол убакыттагы СССРдин ИИМнен 1 жолу, ИИМден 5 жолу, Ош жана Жалал-Абад ОИИБдеринен 7 жолу ар кандай медалдар жана алкыштарга ээ болгон. Ошондой эле «СССР милициясынын отличниги» төш белгисин алган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн