Жалал-Абадда мыйзамсыз жер берүү фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Базар-Коргон районундагы Акман (мурдагы Бешик-Жон) айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргузүлгөн. Анын алкагында 2019–2022-жылдары турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүдө туруктуу коррупциялык схема орун алып, мамлекетке 297,4 млн сомдон ашуун өзгөчө ири зыян келтирилгендиги аныкталды.
Аталган мезгил аралыгында айыл өкмөтүнүн, каттоо жана архитектура органдарынын жооптуу кызматкерлери Жер кодексинин талаптарын одоно бузуу менен 512 жаранга мыйзамсыз негизде 30 гектардан ашуун жер тилкесин берип, тийиштүү укук тастыктоочу документтерди мыйзамсыз тариздеп беришкен. Ал эми жер кезегинде турган 474 жаран өзүнүн мыйзамдуу укугун ишке ашыра албай, жер тилке менен камсыз болбой калган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн