Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:03
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жалал-Абадда опузалап пара талап кылган салык инспектору кармалды

Жалал-Абадда опузалап пара талап кылган салык инспектору кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


 Маалыматка ылайык,    УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү “Опузалап пара алуу” боюнча кылыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында, жана коммерциялык секторлордогу коррупциялык системаларды жок кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. пара алып жаткан жеринен кармалды. 


    Салык кызматкери Жалал-Абад шаарынын тургунун патентти жабуу боюнча жана салык карызын кечиктиргендиги үчүн маселени оң жагына чечип берүү үчүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып жашоочудан опузалап акча каражатын талап кылган.


    Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 2022-жылдын 23-февралында Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Жалал-Абад шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

  Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн