Теке 27, 2024
Убакыт: 06:07
USD
EUR
RUB

Жалал-Абадда таштанды жайдан табылган бөбөктүн абалы айтылды

20.11.2023 17:19
330
Жалал-Абадда таштанды жайдан табылган бөбөктүн абалы айтылды


Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов Спутник кичи шаарчасында акыр-чикир таштоочу жайдан табылган ымыркайдын абалы тууралуу маалымат берди.


Байдавлетовдун айтымында, ташталган ымыркайды кошунасы көрүп калып Тез жардам кызматын чакырган.


"Бөбөк үшүп калган. Ал айына жетпей (34 жума) төрөлгөндүктөн облустагы Балдар ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө жаткырылган. Азыркы абалы орто. Энеси төрөт үйүнө жаткырылып чыгарылган. Баласын келип-кетип карап жатат", — деди ал.


Эске салсак, эки күн мурда, 18-ноябрда, саат 08:40тар чамасында Жалал-Абад шаарында да таштанды жайдан ымыркай табылган. Милиция баланын энеси 18 жаштагы кыз экенин айтып, ал убактылуу жашаган батиринен төрөп, кийин коркконунан баланы акыр-чикир таштоочу жайга таштап кеткенин маалымдаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн