Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абаддагы борбордук базарлардын бири мамлекетке кайтарылды

10.05.2024 17:09
491
Жалал-Абаддагы борбордук базарлардын бири мамлекетке кайтарылды


Жалал-Абад шаарындагы Кадыр Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болгон борбордук базарлардын бири мамлекетке кайтарылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, алынган базардын баасы 412 млн сомдон жогору деп бааланууда.

Атайын кызмат тарабынан Жалал-Абад шаарынын аймагында жер тилкелерин, өндүрүш жана соода аянттарын мыйзамсыз берүү жана сатып алуу менен байланышкан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында "Шабдалы-Зар" соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө "Шабдалы-Зар" соода-базар комплекси жайгашкан жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик администрациясынын (мэрия) буйругуна ылайык, 1994-жылы "Дустлик" ААК менен аффилирленген жеке компанияга бөлүнүп берилген, ал жердеги акциялардын контролдук пакетинин 85%ы Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун мурдагы лидери К.Батыровго таандык болгон. Деген менен КР Жер кодексине (1994-жылдын редакциясына) ылайык, шаардык мамлекеттик администрациянын мамлекеттик жер тилкелерин бөлүп берүүгө (сатууга) укугу жок болгон, анткени мындай укукка эл депутаттарынын шаардык совети (шаардык кеңеш) ээ болгон.

Тактап айтканда, аталган жер тилкеси К.Батыровго мыйзамсыз сатылып, ал өз кезегинде 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу КР жарандары М.А. жана Р.Ш. (К.Батыров менен аффилирленген жактар) менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн. Бул боюнча кылмыш ишинин материалдарына тиркелген архивдик документтер далилденген. Маалым болгондой, аталган аймак бир нече жылдар бою соода базары катары колдонулган.

Азыркы учурда жергиликтүү бюджетти колдоо жана шаарды көрктөндүрүү үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан "Шабдалы-Зар" соода-базар комплексин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн