Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот
Мирзахмедовдон коронавирус илдети аныкталды. Мындай маалыматты губернатор өзү
жергиликтүү басылмаларга тастыктаган.
“Башкалар сыяктуу эле даам, жыт сезүү жоголду. Азыр үй шартында дарыланып жатам”,
- деген облустун башчысы.
Буга чейин ыйгарым укуктуу өкүлдүн айдоочусунда вирустун белгилери пайда болуп, Мирзахмедов обочолонуп иштеп жаткан. Кечээ, 9-июлда коронавируска каршы
тапшырган анализинин жыйынтыгы чыгып, илдетке кабылганы аныкталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн