Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Жалал-Абаддын тургунун 35 млн сомго алдап кеткен жаран Өзбекстандан кармалды

10.11.2023 20:06
647
Жалал-Абаддын тургунун 35 млн сомго алдап кеткен жаран Өзбекстандан кармалды


Жалал-Абад облустук милициясы 35 млн сомдон ашуун акчаны алдап кеткен жаранды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 6-сентябрда Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2022-жылдын июнь айында Ноокен районунун 22 жаштагы Р.С. аттуу тургуну Россиядан жыгач алып келип берем деп 35 млн 158 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул окуя Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү ресстрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну 2001-жылы туулган Р.С. Өзбекстандан кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгерде кылмыш ишине шектелген жарандан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө же 0772 70 90 00 номерине кайрылсаӊыздар болот.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн