Мен Саламаттыкты сактоо министри болоюн деген ниетим жок. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев АКИпресске билдирген.
Анын айтымында, министрликтеги абалга карабай өлкөдө саламаттыкты сактоо тармагы үзгүлтүккө учураган жок.
"Мен тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат жалган. Менин министр болуу ниетим жок. Мен өзүмдүн милдетимди так аткарууга аракет кылам.
Бизде кадр маселесин президент өзү чечет",- деди Рахматуллаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн