Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 11:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жамалдинов Алайда сел алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүүгө резервден 100 миң сом бөлдү

13.05.2022 16:51
641
Жамалдинов Алайда сел алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүүгө резервден 100 миң сом бөлдү



Бүгүн, 13-май күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнө барып, сел алып кеткен көпүрөнүн жана көчкү кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Бул тууралуу Ош облусунун башчысынын маалымат кызматы билдирди.


Зиядин Жамалдинов селдин кесепетинен урап түшкөн Будалык айыл өкмөтүндөгү ички көпүрөнү тезинен калыбына келтирүү тапшырмасын берип, Өкүлдүн резервдик фондунан 100 миң сом каражат бөлүп берди. Ошондой эле райондун борбору менен байланыштырган негизги жолду көчкүдөн тазалоо иштерин тезинен бүтүрүп, калыбына келтирүү зарыл экенин айтты.


Белгилей кетсек, 11-12- май күндөрү жааган жаандан улам Алай районунун Будалык айыл өкмөтүндө сел жүрүп, ички көпүрөнү алып кеткен. Ал эми Будалык айыл өкмөтү менен район борборун байланыштырган негизги жолго көчкү түшүп жол жабылып калган. Учурда тиешелүү жумуштар аткарылып, селдин жана көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Кырдаал КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жеке көзөмөлүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн